УКМК: "МайКампа" ишканасынын 49% үлүшү мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "МайКампа" ЖЧКсынын мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1991-2000-жылдар аралыгында аталган мүлк жеке жактарга арзан баада сатылган.
Компаниянын уюштуруучулары мүлктүн бир бөлүгүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, 49 пайыз үлүшүн ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарууну чечишти.
Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.
Коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд. сом, 1100 мүлк кайтарылганы айтылды