БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү Россиянын меморандумунда Киевдин нейтралитети, анын аскердик союздарга кошулуудан баш тартышы айтылган. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жаңжалды токтотуу боюнча резолюциянын эки сессиясы сунушталган:
Украинанын Куралдуу күчтөрүн ДЭР, ЛЭР, Запорожье, Херсондун аймагындагы Киев оккупациялап алган жерлерден алып чыгуу.
Аскерлерди кайра жайгаштырууга тыюу салуу, мобилизацияны токтотуу жана Киевге чет өлкөлөрдөн аскердик жардам жеткирүүгө чекит коюу. Аны менен бирге үчүнчү өлкөлөрдүн аскердик жааттагы иштерин четтетүү пункту да каралган.
Пунктулар:
Украинада үчүнчү мамлекеттердин аскердик иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу;
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлеринин жана техникасынын санына чектөө киргизип, өзөктүк куралсыз макамга ээ кылуу;
Россияга каршы салынган санкцияларды алып салуу;
Крымдын, ДЭР, ЛЭР жана Запорожье, Херсон облустарын Россиянын курамында экендигин эл аралык укук талаасында таануу;
согуштан улам болгон чыгымдарга байланыштуу бири-бирине кине коюудан эки тараптын өз ара баш тартуусу;
орус тилинде сүйлөгөн калктардын укугу менен эркиндигин камсыздоо, Украина православ чиркөөсүнүн ишмердүүлүгүнө салынган чектөөнү жоюу, нацизмди даңазалоого тыюу салуу.