Радио

Машыктыруучу Тыналиев: Кыргызстанда хоккейди ата-энелер сактап келди

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу Саламат Тыналиев кыргыз хоккейчилери дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионунда татыктуу оюн көрсөтө аларын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда көп жылдан бери хоккейди ата-энелердин жардамы менен сактап келе жатабыз. Бул тууралуу Саламат Тыналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө хоккей инфраструктуралык жактан өнүгүүгө муктаж болуп турат.
"Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда чемпион болуп, экинчи дивизионго көтөрүлдү. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай Стамбулда өткөн ири мелдеште оюнчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. Эми команда экинчи дивизиондун В тайпасында күч сынашат. Бул бизге абдан чоң чакырык. Анткени атаандаштык жогору. Менимче, татыктуу оюн көрсөтө алабыз. Учурда хоккей инфраструктуралык жактан да өнүгүүгө муктаж болуп турат. Негизи Кыргызстанда көп жылдан бери хоккейди ата-энелердин жардамы менен сактап келе жатабыз. Албетте, мамлекеттин, федерациянын колдоосу жогору", — деди Тыналиев.
Ошондой эле ал хоккейде чет элдик легионерлердин болушу да чоң ийгиликке жеткирип, россиялык машыктыруучулардын тажрыйбасы колдонулуп жатканын кошумчалады.