Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү Тажикстанга барат

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жумуш сапарынын алкагында ал Душанбеде өтө турган КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүрүп, чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.
ЖККУнун баш катчысы уюм менен чектешкен өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат берди