БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айт намаз мечиттерде окуларын кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7:00дөн баштап баяндар айтылып, намаз окуу тартиптери түшүндүрүлөт. Ал эми намаз 7:30да башталары айтылды.
Быйыл Курман айт 6-июнда белгиленет. Ал эми 5-июнь арапа болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар үч күн иштебейт.