Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Россия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнөн кандайдыр бир чукул чечим күтүү туура эмес. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Албетте, кандайдыр бир тез чечимдерди же жылыштарды күтүү туура эмес, бирок иш уланууда", — деди Песков сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына комментарий берип жатып.
Кремль өкүлүнүн кебинин урунттуу учурлары:
Россиялык меморандумдун долбоору Украина менен жаңжалдын түпкү себептерин жоюуга жана туруктуу жөнгө салууга жетишүүгө багытталган;
Стамбулга барган россиялык делегациянын мүчөлөрүн келесоо деп атаган Владимир Зеленскийдин билдирүүсү орунсуз, мындай пикирдин чыкканы өкүнүчтүү, бул сүйлөшүүлөрдүн мүнөзүнө туура келбейт;
Владимир Путин, Дональд Трамп жана Владимир Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу жакынкы келечекте болушу күмөн. Мындай байланыштар техникалык келишимдердин натыйжасы болушу керек;
Москванын Вашингтон менен диалог каналдары бар, аларды колдонуу уланууда;
Путин Украинанын россиялык аэродромдорго чабуулу тууралуу маалыматты онлайн алды, жооп кайтаруу боюнча чечим тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда кабыл алынат.
2-июнда Стамбулда Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү. Натыйжада Москва менен Киев оорулуу жана оор жарадар болгон туткундарды ("бардыгы бардыгына" принциби боюнча), ошондой эле 25 жашка чейинки туткундарды алмашууну макулдашты. Мындан тышкары, тараптар каза болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн айрым аймактарда атышууну токтотууну макулдашты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эрдоган Россия менен Украинанын Стамбулдагы жолугушуусун мыкты деп баалады