Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан: Брюссель Украина согушту улантышы керек деп чечти

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Брюсселде Украина согушту улантышы керек деген чечим кабыл алынды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан айтканын РИА Новости жазды.
"Абал түшүнүктүү: тилекке каршы, президенттин аракетине (АКШ лидери Дональд Трамп — ред.) карабай согуштан баш тарта алган жокпуз, ичинде калдык", — деген Орбан.
Премьер Венгрия АКШнын тынчтык орнотолу деген умтулуусун колдоп келерин эске салган.
Анын айтымында, Будапешт "согуштун уланышына кызыкдар болгон Брюсселдеги жетекчилик Венгрияны согушчул европалык коалицияга күч менен киргизүү үчүн колдон келгендин баарын кыларына" даяр турушу керек.
Орбан ошондой эле анын өлкөсүнө каршы атайын кызматтардын операциялары жана чет өлкөдөн каржыланган каралоо кампаниялары күчөшү мүмкүн экенин айтып, не бар, не жок, даяр турууга чакырды. Буга чейин бул саясатчы Евробиримдиктин Украинадагы чатакты жөнгө салууда Американын кадамдарына кошулуу зарылдыгын айтып, ар башка жол менен кетүүнүн мааниси жоктугун билдирген.
Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто европалык саясатчыларды Украинадагы чатакты бүтүрүү боюнча аракеттерге тоскоолдук кылбоого чакырган.
Орбан Венгрия Украинанын ЕБге кошулуусуна эмне себептен каршы экенин айтты