Өкмөт 100 күндүк реформа алкагында жаңы чараларды жарыялады. Эмне өзгөрөт?

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында 100 күндүк реформалар боюнча жыйында кезектеги көрүлө турган чаралар менен тааныштырды.
Жыйында айтылгандардын негизгилери :
документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү талабын алып салуу, кайрылган адам 200-800 сом чыгым тартып, кезек күтөт, бул алыскы аймактарда да ыңгайсыздык жаратат;
100 күндүн ичинде ченемдик актыларды карап чыгуу, ашыкча талаптарды алып салуу, QR-коддор жана маалымат базалары аркылуу документтерди текшерүү сунушталды;
жер тилкелерин трансформациялоо мөөнөттөрүн кыскартуу, долбоорлорду киргизүү, археологиялык отчетторду 10 күндүн ичинде даярдоо, лицензиялоону күчөтүү;
QR-коддор аркылуу мамлекеттик кызматтардын сапатын баалоо системасын киргизүү, бул ачыктыкты жогорулатат.
Бишкек менен Ошто ресторан, мейманкана, АЗСтерде салык боюнча долбоор сыналат