Жаманбаев Апыла 1922-жылы Ысык-Көл облусунун мурунку Түп, азыркы Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында туулган. 1941-жылдын декабрь айында Советтик Армиянын катарына чакырылып, артилеристин окусун аяктагандан кийин “Белорус” фронтунун 12-гвардиялык минометтук полкунун карамагына жөнөтүлөт. 38 кишиден турган минометтук бригада Тимянов дөңсөөсүндө кармашып, акыры үч эле жоокер калат, бирок артка чегинбейт. Кашык каны калгыча кармашат. Ошондо жанындагы экөө Советтер Союзунун Баатыры болуп, Жаманбаев “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланган.