Чач аялзатына өзгөчө көрк, назиктик тартуулап турат. Көпчүлүк анын абалы күтүп-карабоо менен байланыштырышы мүмкүн. Бирок чындыгында чачтын абалы адамдын ички саламаттыгы, жашоо образы, тамактануусу, гормоналдык балансы, иммунитети жана стресске туруштук берүүсүнөн кабар берет. Эгерде чачыбыз морт болуп сынса, көп түшсө же ашыкча майланып, тез кирдесе – бул сырткы маселе эмес, организмдеги бир дисбаланстын белгиси болушу мүмкүн. Адам күнүнө орто эсеп менен 50дөн 100гө чейин чач жоготкону нормалдуу.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө чачты эктирүү процедура кеңири тарап жатат. Анда чачтын өсүп кетишине 100 пайыз кепилдик бар. Аталган ыкма кооптуу эмеспи? Чач эмне себептен түшөт? Анын майланышы же кургашы эмнеге байланыштуу? Кайсы учурда трихологго кайрылуу керек жана кантип дарыланса болот?
Ушул жана башка суроолорго жоопту "Көз мончоктон" тыңдаңыздар.