Чет өлкөдө катталган жана идентификациялык номери жок автоунааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салынды. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев апрель айында кол койду. Ага ылайык, Кыргызстанга 3-майдан тарта чет өлкөдө катталган унаалар киргизилбей жатат. Бул тыюунун максаты эмне? Кандай зарылчылыктан улам киргизилди? Дегеле унааларды өлкөгө киргизүүнү ким жана кантип көзөмөлдөйт?
Ушул жана башка суроолорго Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты жана инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самыкбаев жооп берди.