Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Россиянын аэродромдоруна чабуулду 1,5 жыл даярдаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Владимир Зеленский россиялык аэродромдорго жасалган террордук чабуулдардын жоопкерчилигин алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
Зеленскийдин айтымында, операцияны Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк жетектеген.
"Чабуулга 1,5 жыл даярдандык. Жалпы 117 дрон тартылган", — деп жазды Зеленский.
Жекшемби күнү РФ Коргоо министрлиги Киев режими FPV-дрондорду пайдалануу менен Мурманск, Иркутск, Ивановская, Рязань жана Амур облустарындагы аэродромго сокку урганын кабарлаган. Ивановская, Рязань жана Амурда чабуулдун мизи кайтарылган. Мурманск менен Иркутскиде авиациялык техникадан өрт чыгып өчүрүлгөн. Чабуулдан жабыркагандар катталган эмес.
ЖМК: Путин Украина боюнча Батышка "так белги" берди