БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. ИИМ башчысы Улан Ниязбеков мигранттарды иштетип жаткан ишкерлерге кайрылды.
Министр чет жактан келип иштеп жүргөндөрдүн айып төлөбөстөн документтерин иреттеп алууга мүмкүндүгү бар экенин эскерткен.
"Чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушуна көңүл буруңуздар. Визасы окуу үчүн, туристтик болуп, бирок иштеп жүрсө же эмгек визасынын мөөнөтү өтсө, анда тез арада документтерин туураласын. Бул үчүн 10-июнга чейин убакыт бар экенин түшүндүрүңүздөр. Иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар экенин унутпаңыздар", — деген министр.
Ал 10-июндан кийин мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктоо үчүн рейддер башталып, мыйзам бузгандар депортацияланарын кошумчалады.
Буга чейин УКМК төрагасы 10-июндан тарта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге карата чаралар көрүлүп, айрымдары өлкөдөн чыгарыларын билдирген.