БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды.
Анда министрлик мекендештерди барган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын сактоого чакырып, тартип бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Мыйзамдуу жолдор менен барып, бирок документинин мөөнөтү өтүп кеткенде дагы мигрант айыпка жыгыларын эске салды.
Ведомство ошондой эле АКШ бийлиги өз алдынча чыгып мыйзамсыз келген мигранттарга мекенине кайтууга каржы жагынан жардам берерин белгиледи. Ал үчүн CBP Home тиркемесин жүктөп, программага катталып, АКШдан чыгуу зарыл.
Эгерде кошумча суроолор жаралса, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуу керек:
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы ллчилиги: 2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008. Электрондук дареги: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg
Телефону: +1 202 256 2924; +1 202 449 9823; +1 202 449 9822.
Кыргыз Республикасынын Чикагодогу Башкы консулдугу: 100/1610 Норт Ла Салл көчөсү, Чикаго шаары, Иллинойс, 60602. Электрондук дареги: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg
Телефону: +1 312 929 34 42; +1 312 994 24 16.