БИШКЕК, 2-июн. —Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы Россия жана Украина делегацияларынын жолугушуусун мыкты деп баалады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
“Бүгүн Стамбулда россиялык жана украиналык делегациялар жолукту. Бул сонун жолугушуу болду. Миңдеген туткундарды алмашуу макулдашылды. Ошондой эле тараптар каза болгон жоокерлердин сөөгүн алмашуу боюнча келишти. Бул — абдан мыкты көрсөткүч”, — деди Эрдоган.
Түркия президенти жакын арада мамлекет башчыларынын деңгээлинде саммит өткөрүү демилгесин көтөрөрүн айтты. Ал Владимир Путин, Дональд Трамп жана Владимир Зеленский Түркияда жолугушарына үмүт артарын билдирди.
“Мен Путин менен Зеленскийдин Стамбулда же Анкарада жолугушуусун абдан каалап жатам. Эгер Трамп да катышса андан бетер сонун болот. Келгиле, Стамбулду тынчтыктын борборуна айландыралы”, — деди ал.
Россия менен Украинанын делегацияларынын Стамбулдагы экинчи жолугушуусу Чыраган сарайында бир сааттан ашык убакытка созулду. Делегациялар эмнелерди макулдашканын бул жерден окуй аласыздар.