Бишкек менен Ошто ресторан, мейманкана, АЗСтерде салык боюнча долбоор сыналат

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүүнү пландоодо. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, программа аркылуу маалыматтар онлайн-режимде салык органдарына берилет.
"Учурда көптөгөн ишкерлер ЭЭФ жана ККМ колдонбой кирешелерин жашырат. 2023-жылы 47 миңден ашуун ишкер текшерилип, 14 миңден ашуунунда мыйзам бузуулар аныкталган. Маселен, түнкү клубдардын бири отчетунда 211 миллион сом түшкөнүн көрсөткөн, бирок атайын каражаттар менен ага 544 миллион сомдон ашуун киреше түшкөнү аныкталган. Натыйжада 77 миллион сомдон ашуун салык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Пилоттук долбоорго Бишкек жана Ош шаарларындагы ресторан-барлар (200 орундан же 300 чарчы метрден ашык), 50 орундан көп мейманканалар жана май куюучу жайлар милдеттүү түрдө катышат. Калган ишкерлер долбоорго ыктыярдуу негизде кошула алышат.
Долбоор ийгиликтүү ишке ашса келечекте аккредитациядан өтпөгөн программаларга тыюу салынып, ФПО бизнестин бардык тармагына милдеттүү түрдө киргизилери кошумчаланды.
Патенттин жаңы түрү кирди: эми аны соода жайын ижарага бергендер да алат