Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: Россия Украинадан тынчтык диалогу боюнча меморандум алды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Стамбулда боло турган сүйлөшүүгө катышчу россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский Киевден жаңжалды жөнгө алуу боюнча меморандумдун вариантын алганын билдирди. Бул туурасында RT кабарлады.
"Стамбулдагы сүйлөшүүгө барган россиялык делегациянын башчысы (РФ президентинин жардамчысы — ред.) Владимир Мединский RT каналына мурдараак Украинадан согушту жөнгө салуу боюнча меморандумдун вариантын алганын айтты. Анын билдиргенине караганда, документ украин жана англис тилдеринде берилген", — деп айтылат маалыматта.
Reuters тараткан кабарда Киев тынчтыкка жетүү боюнча долбоор сунуштайт. Талаптар буга чейин коюлгандарга окшош. Алар — армияны курал менен камсыздоого чектөөлөр болбошу керек, Россиянын курамына өткөн аймактар эл аралык деңгээлде таанылбасын жана согуштун чыгымы төлөнүшү.
Жекшемби күнү кечинде Мединский Россия делегациясын жетектеп, Украина менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы үчүн Стамбулга келип түштү. Жолугушуу бүгүн саат 13:00гө Чыраган сарайында пландалган. Анда Москва тынчтыкка жетүү келишиминин долбоору боюнча меморандум тапшырмакчы. Документте кагылышуунун негизги себептерин чечүүгө багытталган бардык жагдайлар камтылган.
Россия тараптан сүйлөшүүгө катыша турган делегациянын курамында Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына караштуу башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин бар.
Украина делегациясын кайрадан коргоо министри Рустем Умеров жетектеп келери айтылган.
Москва менен Киевдин өкүлдөрүнүн акыркы үч жылдагы алгачкы жолугушуусу 16-майда Стамбулда өткөн. Эки жак 1000ге 1000 кылып (башма-баш) туткун алмашууну жарыялап, ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча өз позицияларын билдиришкен. Украина сүйлөшүүлөргө мамлекет башчыларынын катышуусун өтүнгөн. Россия бул сунушту эске аларын айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Болбойт". Небензя Украина менен сүйлөшүүлөр тууралуу кескин билдирүү жасады