Планетадагы биринчи космодром Байкоңурга 70 жыл болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 02-Июн. — Sputnik. СССР Казакстандын Байкоңур айылынын жанына космодром салууну чечет. Жер шарындагы өтө маанилүү жайлардын бири мындан 70 жыл мурда пайда болгон.
Курулушту бош жаткан жерден башташкан, тагыраагы, 1955-жылы аймак шамал ойногон жылаңач талаа эле. Болгону темир жол өтчү. Космодром татаал шарттарда түптөлгөн. Казакстандын аязында кышында курулуш иштерин жүргүзүү оңойго турган эмес. Тоңгон жерди жардырып, чуңкур кылып, ылайыктап баш калкалашкан. Жай мезгилинде ысык шамал коштогон аптап +50 градуска жетип турган.
Ошентип 1957-жылы Байкоңур расмий ишке киришкен. Дал ушул жайдан адамзат дүйнө жүзүндө биринчи ирет космоско көтөрүлгөн. 1957-жылы Р-7 Жердин жасалма жандоочусун алып чыкса, 1961-жылы Юрий Гагарин учкан.
...1994-жылы СССР урагандан кийин Казакстан Байкоңурду Россияга 20 жылга киреге берген. 2004-жылы президенттер Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев космодромдун ижара акысын 2050-жылга чейин узарткан келишимге кол койгон.
Азыр Россия Восточный деп аталган дагы бир ири космодромун курду, бирок бул — Россия Байкоңурдан кетет дегендик эмес.
Р-7 баллистикалык кубаттуу ракетанын тарыхы. Видео