Оштун мурдагы казысы Мирлан Токтомушев кайрадан камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Оштун мурдагы казысы Мирлан Токтомушев кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, соттук коллегиянын 29-майдагы аныктамасынын негизинде шаардык соттун 23-майдагы токтому жокко чыгарылган. Тергөөчүнүн өтүнүчү менен шектүү 18-июнга чейин камакка алынганы айтылды.
Буга чейин Ош шаарынын мурдагы казысы Мирлан Токтомушев мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуп келген деген шек менен кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Коррупцияга шектелип кармалган Оштун казысынын ордуна жаңысы дайындалды