200дөн ашуун мигрантты этникалык кыргыз катары каттаткан чет элдик кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Чүйдө 200дөн ашуун чет элдик жаранды этникалык кыргыз катары каттаткан адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-майда Кеминдин Кароол-Дөбө айылында уруксат кагаздары жок иштеп жүргөн чет элдик тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү маалында аталган айылда мейманканада иштеген 19 жаштагы Б.А. аттуу жарандан жасалма виза табылган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 36 жаштагы Ж.М. аттуу чет элдик жаран жергиликтүү ЖЧКлардын биринде бухгалтер болуп иштеп жүрүп, мигранттарды этникалык кыргыз катары каттаткан.
"Шектүү чет элдиктерди расмий жумушка орноштурууну убадалап, бирок улуту деген бөлүккө жалган маалымат киргизилген документтерди жасаган. Андан соң ал маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жүктөлүп, M-Visa to ethnic Kyrgyz категориясындагы визалар алынган", — деп айтылат маалыматта.
Бул схеманын негизинде 200дөн ашуун чет элдик, анын ичинде жогоруда айтылган Б.А. Кыргызстанда иштеп жүргөнү божомолдонууда.
Шектүү Ж.М. 31-майда эки айга камакка алынганы кошумчаланды.
ИИМ башчысы мигранттарды иштетип жаткан ишкерлерге кайрылды