Ташиев кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери качан бүтөрүн айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Камчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери качан бүтөрүн айтты.
УКМК төрагасы чек араны тосууга 200дөн ашык киши, бир нече техника тартылганын билдирген.
"25 чакырымдай жерге зым тосулуп бүтүп калды. Күчтү катуураак жумшасак быйыл тосуп бүтүп калабыз деген үмүттөмүн. Быйыл бүтпөй калсак, жазга барып бүтөбүз", — деген ал УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Биринчи этапта кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымына зым тартылары айтылган.
Чек ара 50 чакырымды көрсөткөн камералар жана дрондор менен кайтарылат