Чүйдө эки унаа бетме-бет кагышып, бир адам каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Чүйдө эки унаа бетме-бет кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-июнь саат 21:14 чамасында Чым-Коргон айылынын аймагында болгон.
"Батыштан чыгышка карай бара жаткан Volkswagen Passat B3 үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай келе жаткан Volkswagen Passat B3 унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен биринчи машинанын 42 жаштагы айдоочу каза болуп, экинчи унаанын ээси ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолго чыгарда эс алып алып, эч нерсеге алаксыбай, ылдамдыкты сактоого чакырды.
Бул — акыркы үч күндө адам өлүмү менен коштолгон экинчи кырсык.
30-майда Кеминде эки унаа бетме-бет кагышып, 24 жана 64 жаштагы эки айдоочу жана бир жүргүнчү каза болгон. Анда да унаалардын бири катуу ылдамдыкта келатып каршы тилкеге чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Аксыда жылып кеткен унаа жардан учуп, ичиндеги 8 жаштагы бала каза болду