БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Армения жана Абхазиядан алып келинген унааларды мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Шектүүлөр документтери жок автоунааларды үчүнчү жактарга сатуу максатында кылмыштуу схеманы уюштурушкан.
"А.Ш.Т. (февралга чейин "Унаа" мекемесинде иштеген) жана О.у.Т. айдоочулардан акча алып, "Унаанын" аймактык жетекчилерине пара берип, машиналарды мыйзамсыз каттатып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр 30-майда 8800 доллар пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлүп, камакка алынды.
Эске салсак, чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Аларга 10-региондун номери берилип, үчүнчү жактарга сатууга тыюу салынган.