БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы стратегия жакында сунушталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кабыл алынган 2040-жылга чейинки өнүгүү программасы (мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда) мөөнөтүнөн мурда аткарылды. Эми беш жылдык план түзүлөт.
"Жаңы беш жылдык план болот. Анда бир топ жаңы идеялар жана багыттар каралган. Программа мурдагы өнүгүү пландарынан айырмаланат", — деди Байсалов.