БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда ар бир окуучу орус тилин билүүсү абдан маанилүү экенин айтты.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында белгилегендей, орус тили дүйнөлүк илимге, маданиятка жол ачкан маанилүү курал боюнча кала берет.
"Биз үчүн орус тили — эл аралык маанидеги баарлашуу тили", — деди Байсалов.
Ал муну менен бирге кытай, араб, англис, түрк тилдери сыяктуу башка чет тилдерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн кошумчалады.