БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио телефондон байланышканын РФ ТИМине таянып РИА Новости жазды.
Тараптар украин кризисин, бүгүн Стамбулда өтө турган Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн талкуулашкан.
Мындан тышкары, Рубио Брянск менен Курск облустарында көпүрөлөрдүн жардырылышынан поезддер кырсыктап, адам өлүмү менен коштолгон окуядан улам Лавровго көңүл айтты. Россиялык министрдин айтымында, кырсык тийиштүү органдар тарабынан тергелүүдө, жыйынтыгы жакын арада белгилүү болуп, күнөөлүүлөр жазасын алат.
Жекшемби күнү РФ Коргоо министрлиги Киев режими FPV-дрондорду пайдалануу менен Мурманск, Иркутск, Ивановская, Рязань жана Амур облустарындагы аэродромго сокку урганын кабарлаган. Ивановская, Рязань жана Амурда чабуулдун мизи кайтарылган. Мурманск менен Иркутскиде авиациялык техникадан өрт чыгып өчүрүлгөн. Чабуулдан жабыркагандар катталган эмес.