Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңырат

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңырат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилиги жиберген маалыматта айтылган.
Тагыраагы, 4-июнда саат 19:00дө "Хор Турецкого" жана SOPRANO аялдар тобунун катышуусунда "Жеңиш ырлары" аттуу концерт өтөт.
Иш-чара Москва жана Бишкек мэриясынын, Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда. Кирүү акысыз.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Байсалов Жеңиш күнү "Русский домго" барып, ишин жогору баалады