Кыз-келиндерди мыйзамсыз окутуп жаткан медресеге 20 миң сом айып салынды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкекте 170 кыз-келинди уруксат берүүчү документи жок туруп окутуп жаткан медресе аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-30-май күндөрү шаар аймагында "Экстремист" аталышындагы рейд жүргөн. Анын алкагында мурда козголгон кылмыш ишине катышы бар "Йакын-Инкар" уюмунун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Мындан тышкары, окутууга уруксат берген документтери жок медреседе 170ке жакын кыз-келин билим алып жатканы аныкталды. Милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, медресеге 20 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган окуу жай зарыл документтерди алганга чейин иши токтотулганы кошумчаланды.
УКМК "Хизб ут-Тахрир" уюмунун Кыргызстандагы лидерлери кармалганын билдирди