БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйдү деген — жаңылыштык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, коомчулуктун үй-бүлөлүк зомбулукка болгон мамилеси өзгөргөнүнө байланыштуу мындай фактылар көбөйүп кеткендей сезилип жатат.
"Мурда үй-бүлөлүк зомбулукка көңүл бурулчу эмес. Укук коргоо органдарына кайрылгандардын арызы олуттуу каралбай артка жөнөтүлчү. Азыр баары өзгөрдү. Ошол эле зомбулукка кабылган кыз-келиндер, жалпы коомчулук мындай көрүнүштөргө чыдабай турганын ачык айтып, кескин сындай баштады. Бардык учурлар каттоого алынып, коргоо ордерлери берилип жатат. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы сапта турат. Анткени зомбулукка кабылгандар унчукпай калып кетпей, арызданып, каттоого алынууда. Мындай кылмыштар жалпы улуттук резонанска айланып жатат. Бирок Борбор Азияны билбеген, Европада же АКШда жаткан акылсыз адамдар Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө деп кыйкырып жатышат", — деди Байсалов.
Ал ошондой эле өлкөдө жаңы технологиялар киргизилгендиктен зөөкүрлүккө шектелгендерге атайын билериктер тагылып, арыздануучунун жанына жолотпой турганын кошумчалады.