Жайында адамдар таза аба жутуп, табият койнунда эс алууну сүйөт. Бирок эс алуудан кийин көпчүлүк адамдар таштандысын таштап кете берет. Мындай кайдыгер мамиле экологияга зыян алып келерин адистер какшап айтканына карабай абал өзгөрбөй келет.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул табиятты таштандыдан коргоо тууралуу маектештик. Алдын алуу чаралары кандай жүрүп жатат? Тиешелүү органдардын көзөмөлү канчалык деңгээлде иштеп жатат? Ушул жана башка суроолорго жооп алууга аракет кылдык.
Берүүнүн коногу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башкы адиси Азамат Абдрасулов.