Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткары жыгач экпорттоого чектөө киргизди

Sputnik
Өлкөдө Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салынды. Бул чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 20-августундагы бир катар товардык позицияларга, анын ичинде жыгачка карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан экспортту жөнгө салуучараларын колдонуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган. Өлкөгө жыгач жана жыгач материалдары Россия, Беларусия жана Казакстандан экспорттолуп келет. Россия Кыргызстанга 29 680 куб метр квота койгон.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси маалымдады.