2025-жылдын май айынан тартып өлкөдө чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жана жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштайт. Долбоор 2025–2030-жылдарды камтып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана бизнес үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган. Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин Ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев маек курду.