3D сеткалар, инженердик жабдуулар, заманбап көзөмөлдөөчү техникалар - Чек арада демаркация иштери кандай жүрүүдө?

Sputnik
Элдин тынч уйкусу, мекендин коопсуздугу чек арада күнү-түнү кайтарып турган жоокерлерибиздин түйшүктүү жана сыймыктуу иши. 28-май Чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бүгүнкү “Күн башат” программасында бул күн кандай белгиленди, эмне иш-чаралар орун алды, дегеле бул күн чек арачылар үчүн кандай мааниге ээ экенин билүүгө аракет кылдык. Ошондой эле учурда чек ара кызматы аткарып жаткан иштер тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга УКМКнын Чек ара кызматынын инженердик башкармалыгынын башчысынын орун басары Сапарбек Токтосунов жооп берди.