Садыр Жапаров балдарды куттуктап, ата-энелерге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. —Sputnik. Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы куттуктоосунда учурда балдарга билим берүү, өнүгүүсүнө шарт түзүү, укугун коргоо боюнча бардык иштер жасалып жатканын белгиледи.

“Мамлекеттик саясаттын учурдагы артыкчылыктары ведомстволор аралык координациялоону күчөтүү, аялуу балдарды каттоо системасын санариптештирүү, үй-бүлөгө жана коомчулукка багытталган профилактикалык программаларды жайылтуу болуп саналат”, — деди ал.

Президент сөзүнүн аягында ата-энелерге дагы кайрылды.
“Биз балдарыбызга үлгү болуу менен бирге аларга мээрим төгүү, алдыга койгон максаттарын колдоо жана ар кандай кыйынчылыктардан коргоо башкы милдетибиз экенин эсибизге бекем түйөлү. Эң камкор ата-эне дагы баланын өнүгүшү үчүн жалгыз өзү тиешелүү шарттарды түзө албайт. Мында үй-бүлө менен коомдун, үй-бүлө менен мамлекеттин биргелешкен тыгыз кызматташтыгы өтө зарыл”, — деди Жапаров.
Бишкекте эл аралык "Наристе" фестивалы башталды. Иш-чаранын программасы