Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Келлог Путиндин Украина тууралуу пикирин колдоп чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды Россияга каршы "прокси-согуш" деп туура айтат. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог айтканын Fox News телеканалына шилетеме кылып, РИА Новости жазды.

"Ал (Путин — ред.) муну НАТО өлкөлөрүнүн прокси-согушу деп эсептейт. Чынын айтканда, ошондой. Европа мамлекеттери Украинага кандай колдоо көрсөтүп жатканын карагыла. Путин муну көрүп турат да", — деди Келлог.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да Украинада болуп жаткан окуяларды эки өзөктүк державанын ортосундагы прокси-согуш деп мүнөздөгөн. Анда Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул Россия менен АКШ башында турган жамааттык Батыштын кагылышуусу экенине макул болгон.
Ал эми январда Россиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Владимир Путин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун максаты кыска мөөнөттүү эмес, туруктуу тынчтык болушу керектигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мерцтин Киевди куралдандыруу ниети Россия менен Германияны жаңжалга түртөт