БИШКЕК, 1-июн. —Sputnik. Россиянын Тергөө комитети Брянск жана Курск облустарындагы көпүрөлөр жардырылып, натыйжада поезддер кырсыктаган окуяларды теракт катары квалификациялаганын РИА Новости жазды.
“Тергөө комитетинин төрагасынын тапшырмасы менен Башкы тергөө башкармалыгы Брянск жана Курск облустарындагы темир жолдордогу окуялар боюнча ишин баштады. Аталган кырсыктар теракт катары квалификацияланды”, — деп билдирген Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко.
Эске салсак, өткөн түндө Брянск облусунда жүргүнчү ташып бара жаткан поезд кулаган көпүрөнүн алдында калып, жети адам каза болгон. Ага чейин Курск облусунда жүк ташыган локомотив бараткан кезде көпүрө кулаган.