ЖМК: Путин Украина боюнча Батышка "так белги" берди

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Батышка украин жаңжалы ал айткандай болуп чечилерин даана билдиргенин Associated Press жазды.

"Путин жаңжал анын шарты кабыл болмоюнча жөнгө салынбай турганын ишарат кылууда. Аскердик операция алар кабыл алынганга чейин улантыла берет", — деп айтылат макалада.

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия делегациясы 2-июнда Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында Украина тарапка жаңжалды жөнгө салуу боюнча меморандум сунуштоого даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда Кремлден сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушуна Украинадан жооп ала электигин кабарлашкан.
Жума күнү БУУдагы Россиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва Стамбулдагы мүмкүн болгон сүйлөшүүдө Украина менен меморандумдарды алмашууну сунуштаганын маалымдады.
Ал ошондой эле Москва Украинада ок атышууну токтотуу маселесин кароого даяр экенин, бирок бул үчүн Киевден тийиштүү кадамдар талап кылынарын белгилеген. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү Киев режимине курал-жарак жөнөтпөшү шарт, ал эми Украина ок атышууну токтотуу маалында мобилизация жүргүзбөөгө тийиш.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Келлог Путиндин Украина тууралуу пикирин колдоп чыкты