Кыргыздын алгачкы офицерлери Ташкент шаарындагы В.И. Ленин атындагы Бириккен орто азиялык аскердик мектебин бүтүрүшкөн. 1926-жылы кыргыз атчандарына туу берилет. 1932-жылы жогорудагы жарым эскадрон 53-кыргыз атчандар полкуна айланат.
Бул полктун курамында баш-аягы он эки миң кыргызстандык жоокер аскердик кызматын өтөгөн. 1938-жылы СССРде аскердик реформа жүргүзүлүп, натыйжада 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргоого катышкан. КР борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен 53-кыргыз атчандар тууралуу тартылган уникалдуу кадрлар табылган.