БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстан Монголиядагы рейтингдик турнирде грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш федерациясынын (United World Wrestling) сайтындагы маалыматтан белгилүү болду.
Улан-Батор шаарында 29-майда башталган турнирде 10 салмак категориясы боюнча медаль ойнотулган.
Анда балбандар Үзүр Жузупбеков, Раззак Бейшекеев, Асан Жанышов алтын, Ырыскелди Максатбек уулу, Улан Муратбек уулу күмүш жана Ырыскелди Хамзаев, Акыл Сулайманов, Эрлан Манатбеков коло медаль алышкан.
Натыйжада машыктыруучу Уран Жусуп уулу жетектеп барган кыргыз балбандары жалпы сегиз медаль: үч алтын, эки күмүш жана үч коло жеңип, командалык эсепте 170 упай менен Түркияны (167) жана Индияны (163) артта калтырып 1-орунга чыгышты.