БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Түндө Россиянын Брянск жана Курск облустарында поезддер чоң кырсыкка учураганын РИА Новости жазды.
Брянскиде жүрүп бараткан поезддин үстүнө көпүрө кулаган. Учурда кырсык тууралуу төмөнкүлөр белгилүү:
Климов – Москва багыты менен бара жаткан поезд Бишкек сааты менен 01.44тө жолдон чыгып кеткен;
жети адам каза болуп, 69у жабыркады. Алардын арасында үчөө (бир бала) оор абалда;
жалпысынан поездде 388 жүргүнчү бара жаткан;
кырсыктын кесепетин жоюуга 180 киши жана 60 техника тартылган.
Курскиде жүк ташыган локомотив бараткан кезде көпүрө кулаган.
поезддин бир бөлүгү көпүрөнүн астында жайгашкан унаа жолуна кулап түшкөн;
тепловоздон өрт чыгып, бактыга жараша, аны бат эле өчүрүп жетишишкен;
машинисттин бири бутунан жаракат алган, бригада толугу менен ооруканага жеткирилди;
окуя башка каттамдардын жүрүүсүнө таасир берген жок.