БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 715 миң бала жашайт, кыздар менен уул балдардын саны дээрлик бирдей (эркек балдар — 51,4%, кыздар — 48,6%). Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата берген маалыматында айтылат.
Ага ылайык, 2024-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 23 миңге же 0,9 пайызга көбөйгөн.
Жаш курагы боюнча бөлүнүшү:
7 жашка чейинкилер — 1 миллион 75 миң (39 пайыз);
7-14 жаштагылар — 1 миллион 239 миң (46 пайыз);
15-17 жаштагы өспүрүмдөр — 402 миң (15 пайыз).
Балдардын көпчүлүгү — 63,6 пайызы айыл жергесинде жашашат.
2024-жылы 73 миң уул жана 67 миң кыз бала төрөлгөн.
Эмдөө көрсөткүчү:
1 жашка чейинки балдардын 92,2 пайызы кургак учуктан эмдөө алган;
85,1 пайызы көк жөтөл, дифтерия жана селеймеге (столбняк) каршы эмделген.
2024-жылдын аягында 2 миңге жакын бакчага 257 миң бала барган. Шаарда 100 орунга 124, айылда 105 бөбөк туура келет. Мектептерде 1,5 миллион бала билим алууда.