БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жалал-Абадда 500 килограммга чукул күкүрт кислотасын саткандар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы блдирди.
Тартип сакчылар аталган облуста чет элдик жарандын ири өлчөмдө прекурсорлорду мыйзамсыз сактап, ташып жана сатып жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык иш козголгон.
27-май күнү атайын операциянын жүрүшүндө 500 килограммга жакын күкүрт кислотасын 80 000 сомго сатып жаткан жеринен Ош облусунун тургуну кармалган. Мындан тышкары, чет өлкөнүн эки жараны да колго түшүрүлгөн.
Тергөөдө шектүүлөрдүн бири шериктери бар экенин айтып, дагы төрт киши суракка чакырылганы кошумчаланды.