УКМК жаңы имаратка көчүп, аны Садыр Жапаров ачты. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КР УКМКнын борбордук аппаратынын административдик жаңы имаратын ачты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышкан. Кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, административдик залдарды, жыйын залдарын, техникалык жайларды, ошондой эле кызматкерлердин эс алуу жана тамактануу жайларын көрүп чыккан.
Андан кийин салтанаттуу жыйын болгон.
1 / 4

УКМКнын борбордук аппаратынын административдик жаңы имараты

2 / 4

Атайын кызматтагыларга спорт менен машыгууга бардык шарттар түзүлгөн

3 / 4

Кеңешме залы

4 / 4

Жапаров кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн көрүп чыкты

Жапаров УКМК конституциялык түзүлүштү, аймактык бүтүндүктү коргоо, террорчулукка, коррупцияга каршы күрөшүүдө, контрчалгындоо ишмердүүлүгүндө эң маанилүү милдеттерди аткарып, мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп калганын белгилеген.

"Улуттук коопсуздук — атайын кызматтардын гана эмес, бүтүндөй элдин, ар бир жарандын иши! Жаңы Кыргызстанды куруу ниетибизде бирдиктүү болсок өлкөбүздүн коопсуз келечегин камсыздай алабыз. Ошондуктан мен бардыгыңыздарды бул күч-аракеттерди көрүп, түшүнүп, колдоого чакырам!" — деген мамлекет башчысы.

Жапаров УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты