Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мерцтин Киевди куралдандыруу ниети Россия менен Германияны жаңжалга түртөт

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин согуштук риторикасы менен Украинага ыраакка учкан Taurus ракеталарын жеткирүүсү Германияны Россия менен түздөн-түз жаңжалга жетелейт. Бул тууралуу Berliner Zeitung басылмасы жазды.

"Мерц, албетте, от менен ойноп жатат. Анын коопсуздук жаатындагы саясий логикасы бери дегенде эле алысты көрө албай жатканын айгинелейт. Эгер катуураак айтсак, жоопкерчиликсиздик. Кокус Германия Киевге жеткирген Taurus Москва таптакыр мүмкүн эмес деп эсептеген максатка жетсе эмне болот?" — деген суроону койгон басылма.

Макаланын авторунун пикиринде канцлер арканды алыс таштай албаган, стратегиясыз кадамдарга барып, Украинадагы жаңжалды күчөтөт.
"Мерцтин жеңил ойлуу билдирүүлөрү таң калтырат", — деген журналист.
Буга чейин Мерц Киев өзүнүн ыраака учкан куралдарын чыгарууга Берлин колдоо көрсөтөрүн жарыялап, бирок анын башка жагдайларын ачыктаган эмес. Буга чейин немец өкмөтү Германия Улуу Британия, Франция жана АКШнын артынан Киевге бериле турган курал-жарактарга болгон тыюулардын баарын жокко чыгарганын билдирген. Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү эми Россиянын аймагынын алыскы аралыктарына дагы сокку ура аларын, бул үчүн аларды ошондой куралдар менен камсыздоо керектигин белгилеген.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Мерцтин ыраакка учкан куралдар тууралуу айтканы ынтымакка келүү аракеттерине тоскоолдук жаратарын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова Украинага курал жөнөтүү боюнча айткан Мерцке какшык менен жооп берди