БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россия президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов башында турган делегация Ат-Башы айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаровду Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.
Сатынды Жапаров аксакал — учурда Нарын облусундагы жалгыз ардагер, быйыл 100 жашка толот.
© Фото / пресс-служба полпредства президента КР в Нарынской области
Маслов анын эрдигине терең урмат көрсөтүп, куттуктап, белектерди тапшырып, баатырдыгына, каармандыгына таазим кыларын билдирди. Ардагердин үйүнүн алдында Тайлак баатыр атындагы №2025 аскер бөлүгүнүн аскерлери салтанаттуу түрдө ага аскердик урмат көрсөттү.
"Сатынды Жапаров жаш курагына жана ден соолугуна байланыштуу быйыл 9-майда Москвадагы Жеңиш парадына катыша алган эмес. Бирок куттуктоолор жана көңүл буруу анын эрдиги унутулбай урпактардын эсинде түбөлүк сакталарын айгинеледи", – деп айтылат маалыматта.
Россия делегациясы менен президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов согушта курман болгон жоокерлердин элесине таазим кылышты. Нарын шаарындагы, Ат-Башы айылындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Курман болгондорду бир мүнөт эскеришип, алардын урматына аскердик залп атылды.