БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россиядан келген делегация Ат-Башы районундагы "Ат-Башы сүт" ишканасына барып, сүттөн кандай продукциялар жасалып жатканын көрдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Ишкананын аткаруучу директору Нурила Орузумбекова заводдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Россия делегациясы долбоорду жогору баалап, мындай ишканалар Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгын чыңдоодо салым кошорун белгилеген.
"Ат-Башы сүт" ишканасы 2009-жылы түзүлүп, сыр жана каймак, май өндүрүп келет. Анда 53 адам эмгектенип, өндүрүш көлөмү сезон учурунда 55-60 тоннага жетет. Бирок климаттык шарттарга байланыштуу күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн көлөмү кескин төмөндөп кеткендиктен завод жыл бою толук кубаттулук менен иштей албай келгенин айтышты.
"Бул маселени чечүү максатында "Ат-Башы сүт" ишканасы өзүнүн менчигинде саан уй фермасын түзүү боюнча долбоор иштеп чыгып, аны ишке ашырууда. Ферма түзүү үчүн Калинин айылындагы Жайылма тилкесинен жер бөлүп берилген. Өкмөт тарабынан аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн эки миллиард сомдун алкагында бул долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна сунушталып, жактырылган", – деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Фонд 39 миллион сом бөлгөн. Анын 28 миллиону сарай курууга, 11 миллиону асыл тукум симментал тукумундагы уйларды сатып алууга жумшалган. Бүгүнкү күндө фермада 90 баш уй бар.