БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Баткенде ымыркайын кескилеп ажатканага таштап койгон келин кармалганын облустук милиция билдирди.
Жүрөк үшүн алган окуя 29-май күнү болгон. Анда 19 жаштагы келин таңга маал ажатканадан кыз төрөп, аны тешигине салып салган. Мойну кескиленген ымыркайды туалеттен ӨКМ кызматкерлери алып чыккан.
Эксперттин алдын ала берген корутундусуна ылайык, наристе тирүү төрөлгөн, бирок мойну кескиленгендиктен чарчап калган. Милиция ал жерден айнектин кан болгон сыныгын алып чыккан.
Өз баласын өлтүрдү деп шектелген келин Лейлек ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан жеринен табылган. Азыр күзөт кызматы аталган жерди кайтарууга алып, тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.