31 жаштагы фермер маек учурунда айына 35-40 килограммга чейин салмак кошкон букаларды кантип туура багуу керектигин жана мал менен ийгиликтүү бизнес куруунун сырларын айтып берди.
Жакындары "эмне кыласың аларды карап? Малдын аркасынан мал болосуң" дешсе да жардамчысы жок жалгыз эмгектенип келет.
Нуралинин кийинки кыялы 100 баш буканы 2000-3000ге жеткирүү. Ал баары оюндагыдай болсо машина, үй сыяктуу материалдык маселелерди бир жылда чече аларына ишенет.