БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2-июнда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөрүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу суу саат 10:00дөн 16:00гө чейин жок болот.
Чектөө төмөнкү аймакта болмокчу:
Жайыл баатыр — Арча-Бешик (жаңы конуш) — Арашан — Санжыра — Муромская — Айни — Көпүрө-Базар — Ахунбаев — Репин көчөлөрү.
Мэрия шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала таза суу алып коюуну өтүндү.