Бийге арналган өмүр: Жүздөгөн бийчилерди даярдаган Сырга Латыпова

Sputnik
Бий менен алектенүү баланын ден соолугуна жана дене түзүлүшүнө абдан пайдалуу. Анткени бий учурунда секирүү, ийилүү, айлануу жана башка ушул сыяктуу ар түрдүү кыймыл-аракеттер жасалат. Бул булчуңдардын, сөөктөрдүн жана муундардын туура жана гармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Натыйжада, баланын дене түзүлүшү түз, ийкемдүү жана күчтүү болот. Ондогон жылдардан бери балдарга бий үйрөтүп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялоого жетишкен Сырга Латыпова да бий менен алектенүү айрыкча кыздардын ден соолугуна жана дене түзүлүшүнө абдан пайдалуу экенин белгиледи. Бий чебери бий дүйнөсү, анын сүйүнүчү жана кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.